Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Ошто жаштардын эл аралык форуму өтүп жатат


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында “Ала-Тоодон Кара деңизге чейин” деп аталган эл аралык жаштар форуму 30-июль күнү ишин баштады. Ага Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан, ошондой эле Кыргызстандын жети облусунан жана шаарлардан активдүү жаштар катышууда.

Форум Ош шаары быйыл Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп аталуусунун алкагында өтүп жатат.

Катышуучулар түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаштар саясатын өнүктүрүү жана миграция маселелерин чечүүдө жаштардын ролу жана кызматташуусу боюнча пикир алышып, тажрыйба бөлүшөт. Ошондой эле жаштар саясаты, туризм, билим берүү жана бизнес тармагын өнүктүрүү тууралуу сөз болот.

Эл аралык жаштар форуму 31-июлда жыйынтыкталат.

Аны шаар мэриясы, жаштар комитети ТҮРКСОЙ уюму менен бирге уюштурду.

Уюштуруучулардын белгилөөсүнө караганда, “Ала-Тоодон Кара деңизге чейин” форумунун максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин жаштарынын ынтымагын бекемдөө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG