Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы бул өлкөдөгү жагдай тууралуу 30-июлда соңку баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, жыл башынан бери ар кандай жаңжал, куралдуу кагылышта 1366 адам өлүп, дагы 2446 киши жараат алды.
Уюмдун билдиришинче, адам өлүмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 27 пайызга аз катталды. 2018-жылы мындай көрсөткүч эң жогорку чекке жеткен эле.
БУУ адам өлүмү азайганын кубаттады, бирок согуштун бейжай тургундарга тийгизген кесепет-залалы дагы деле чоң экенине өкүнүчүн билдирди.
Ушул тушта ооган өкмөтү "Талибан" кыймылы менен 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракет кылып жатат. Талибдер Кабул АКШ менен чет өлкөлүк аскерлерди өлкөдөн чыгаруу тууралуу макулдашкандан кийин гана сүйлөшүүгө барарын айтып, шарт коюшкан.
Ооганстан: куралдуу кагылыштарда өлгөндөр азайды