Бразилияда түрмөдө жаатташкан эки топтун бир канча саатка созулган кагылышусунда 57 адам өлдү. Өлкө бийлиги окуя Пара штатындагы Альтамир түрмөсүндө орун алганын, 16 адамдын башы алынып, калгандары өрттө түтүнгө тумчугуп өлгөнүн кабарлады.
Бразилияда түрмөлөрдүн баары толуп калган жана душмандашкан топтордун ортосунда кагылышуулар тез-тез болуп турат. Ушул жылдын май айында Амазонас штатындагы бир канча абакта тополоң чыгып, 55 адам өлгөн.
Бразилияда ушул тушта 700 миңден ашуун адам түрмөдө отурат жана бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч болуп саналат.