Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

АКШ: 2001-жылдагы терактка шектүү тергөө менен кызматташат


АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт.
АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт.

АКШда 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттын уюштуруучуларынын бири деп шектелген Халид Шейх Мохаммед бул окуяларга Сауд Арабиясынын катыштыгы бар деген маалыматты ырастап көрсөтмө берет жана бул үчүн өзүн өлүм жазасына тартпоону суранат. Бул тууралуу "The Wall Street Journal" басылмасы жазды.

Гезиттин билдиришинче, ушул тушта Гуантанамо түрмөсүндө жаткан Халид Шейх Мохаммед Манхэттендеги Федералдык сотко кайрылды. Бул сот ушул тушта терактта курман болгондордун жакындарынын доо арызын карап жатат. Арыз менен кайрылгандар Сауд Арабиясын теракт уюштурган "Аль-Каида" террорчул тобун каржылаган деп айыптаган. Алар сот жараянынын алкагында камакта жаткан беш адамдын үчөөнөн көрсөтмө алынышын талап кылышкан.

"The Wall Street Journal" басылмасы Сауд Арабия өкмөтүнүн адвокаты Майкл Келлог кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартканын жазды.

2001-жылы 11-сентябрда жанкечтилер басып алган жүргүнчү учактар Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасына урулган. Учактар Пентагондун имаратына, Пенсильвания штатынын аймагына кулаган. Мындай алааматтан 3 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

Өзүн "Аль-Каида" террордук уюмунун аскердик кеңешинин башчысы деп атаган Халид Шейх Мохаммед 2003-жылы кармалган.

XS
SM
MD
LG