Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

"Досье" Африкада киши колдуу болгон журналисттер боюнча иликтөөсүн жарыялады


Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болгон журналисттер: Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко
Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болгон журналисттер: Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко

"Досье" иликтөө борбору Борбордук Африка Республикасында үч орусиялык журналисттин киши колдуу болгонунун бир жылдыгына карата иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченконун Интернеттеги жазышуулары, телефон сүйлөшүүлөрү жана бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү талданып, иликтенген. Ага ылайык, журналисттер Борбордук Африка Республикасына келери менен эле аларды аңдуу башталган, ага "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын өкүлдөрү катышкан. Алар ошондой эле "журналисттер карактоонун айынан киши колдуу болду" деген мазмундагы маалыматты таратууга да аралашкан.

Жемал, Радченко жана Расторгуев былтыр июль айынын этегинде Африканын борборунда киши колдуу болгон. ​Чыгармачыл топ Африкага 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө Михаил Ходорковскийдин “Иликтөөлөр борбору” үчүн даректүү тасма тартышмак.

"Вагнерди" бизнесмен, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын адамы экени айтылган Евгений Пригожин каржылайт деген маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG