Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:04

Москвада митингге чыккан 40 адам камакка алынды


Москвада 27-июлдагы митингде миңден ашуун адам кармалган
Москвада 27-июлдагы митингде миңден ашуун адам кармалган

Орусиянын Москва шаарында 27-июлдагы митингде кармалгандардын соту болду. Анда 40 адамга камоо тууралуу административдик жаза берилди. Эң чоң жаза мөөнөтүн "Навальный Live" студиясынын алып баруучусу Владимир Милов алды. Ал 30 күнгө эркинен ажыратылды.

Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Ивана Жданов баштаган төрт адам 15 күнгө кесилди. Калгандарына 3 күндөн 13 күнгө чейин абакта камоо боюнча жаза мөөнөтү чегерилди. Камалгандардын арасында Москва шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган талапкерлер Алья Яшин менен Константин Янкаускас да бар.

Москвадагы соттор 79 адамга жалпы суммасы жарым миллион рублге чамалаган айып пул салды. Эң чоң айып пулду "Pussy Riot" тобунун өкүлү Мария Алёхина төлөмөкчү.

Сот жалпысынан ишемби күнкү нааразылык акциядан кийин административдик мыйзам бузуу тууралуу 200дөн ашуун протокол түшкөнүн билдирди.

Кармалгандардын бирөөнө "күч органдарынын кызматкерлерине кол көтөрдү" деген айып менен кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр Евгений Коваленко полициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерине таштанды салынган челекти ыргыткан деп айыптап жатат. Коваленко күнөөсүн мойнуна алды жана тергөө аяктаганча 27-сентябрга чейин абакка камалды.

Москвада өткөн ишембиде шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерди колдоп жүздөгөн адам митингге чыккан. Полиция 1373 адамды кармап кеткен. Кууп таратуу маалында 70тен ашык адам жараат алган.

Бир катар эл аралык уюмдар тынч жыйынга чогулгандарга аёосуз күч колдонулганын айыптап чыккан.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 27-июлдагы нааразылык акцияны "калайман башаламандык" деп сыпаттады жана бийликтин уруксаты жок өткөнүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG