Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясында жетекчилик орун талашка түштү


Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясында жетекчилик орун талашка түштү.

Быйыл 22-июнда жалпы чогулушта президент болуп бекитилгенин айткан Бакыт Рысбеков 30-июлда “Азаттык” радиосуна кайрылып, ага чейин убактылуу жетекчи катары дайындалган Эрик Ирискулбеков кеңсени, мөөрдү жана башка материалдык баалуу буюмдарды өткөрүп берүүдөн баш тартып жатканын айтты.

- Үч айдан кийин Ирискулбеков “Банктан менин колумду өткөрбөй жатышат, “милдетин аткаруучу” деген макам мага тоскоолдук болууда, иштин баары токтоп калды, жалпы чогулуш өткөнчө мөөнөтүмдү узартып бергиле” деп элди алдайт. Чогулуш быйыл январда өтүшү керек эле. Бул убакыт өтүп кеткенден кийин ал өзүн коалициянын мөөнөтсүз жетекчиси катары жар салат, Директорлор кеңешин тааныбайм, иштешүүдөн баш тартам деп коет. Директорлор кеңеши 15-июнга чейин чогулуш өткөрүү максатында убактылуу Тимур Арыковду дайындайт жана аны Юстиция министрлиги да каттайт.

Рысбеков 22-июнда жалпы чогулуш өтүп, жаңы Директорлор кеңеши, Ревизиялык комиссия түзүлгөнүн жана ал жетекчи болуп бекитилгенин, бирок кеңсеге кире албай жатканын, ал эми чогулуш өткөргөн мүчөлөрдү Ирискулбеков “рейдерлик басып алууга” айыптап келатканын кошумчалады.

Эрик Ирискулбеков.
Эрик Ирискулбеков.

“Азаттык” Эрик Ирискулбековго кайрылганда ал коалициянын жетекчиси өзү экенин айтып, уюмду ээлеп алуу аракети былтыр башталганын билдирди. Тимур Арыков аттуу адам мурда коалицияда иштеп кеткенин, быйыл 17-апрелде жетекчи катары юстиция органында катталганын, бирок колундагы мөөр жасалма болуп чыкканын, аны шайлаган Директорлор кеңеши легитимдүү эмес экенин айтты.

- Ошондон улам аларды тергөөгө, суракка чакыра башташкандыктан жаңы амал ойлоп табышты. Мөөр жасалма болуп чыккандан кийин мыйзамсыз Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколун жеке нотариуска бекиттиришкен. Нотариус кийин “мага мөөр такыр болгон эмес деп айтышкан, мени алдап кетишиптир” деди. Рысбеков мунун баарын жаап-жашырууга аракет кылууда, бирок тергөөчү иликтөө жүрүп жатат деп ишти жабуудан баш тартып койду. Таң каларлыгы, Бишкек шаардык юстиция башкармалыгы Рысбековду каттап койду. Бизде азыр КСДП кабылгандай абал түзүлүп турат. Башка бирөө келип эле жетекчи болуп алат экен деп таң калып жатабыз.

Ирискулбеков Юстиция министрлигине жана тергөө органдарына арызданганын кошумчалады.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 1998-жылы негизделген. Түзүмдүн ар бир облуста жана Бишкекте өкүлчүлүгү, миңге жакын мүчөсү, жүздөн ашуун өнөктөш уюму бар.

Негизги миссиясы – шайлоо системасынын ачыктыгын камсыз кылууга, жарандардын укук тууралуу билимин жогорулатууга көмөктөшүү.

Коалициянын мурдагы жетекчилеринин катарында саясатчы Эдил Байсалов жана укук коргоочу Динара Ошурахунова бар. (RK)

XS
SM
MD
LG