Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Инвестицияны илгерилетүү агенттигин ТИМдин алдында түзүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги Тышкы иштер министрлигинин алдында кайра түзүлүшү мүмкүн.

Министрлик чет өлкөдөн инвестицияны тартуу жана долбоорлорду ишке ашырууну координациялоо максатында ушундай сунуш киргизген. Мекеменин Маалымат департаментинин жетекчиси Уланбек Дыйканбаевдин белгилешинче, учурда бул маселе изилденип жатат.

“Маселе азыр изилдөө этабында, чечиле элек. Агенттикти Тышкы иштер министрлигинин алдындагы инвестицияларды тартуу жана экспортторду жылдыруу агенттиги деп кайра түзөлү деген демилге болгон”.

Дыйканбаев жарым жылда туризмди өнүктүрүү боюнча 30дан ашуун эки тараптуу жолугушуу өтүп, Кыргызстан тууралуу 10 улуттук стенд уюштурулганын кошумчалады. Мындан сырткары экспортту жана инвестициялык потенциалды алдыга жылдыруу боюнча жүздөн ашуун жолугушуу өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG