Чоң-Алайда орусиялык альпинистти издөөгө жалпысынан отузга жакын куткаруучу катышууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 22 адис тартылганын бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Издөө иштери бүгүн да уланууда. 30-июлда 6300 метр бийиктикте Иванов И.С. аттуу жаранга таандык сумка жана визит картасы табылган.
45 жаштагы орус жараны акыркы жолу 27-июлда байланышка чыккан. Ал Ленин чокусунан түшүп жатып, соңку жолу 5000 метр бийиктикке келгенде байланышкан. Ошо бойдон дайынсыз болууда.(RK)