Ооганстандын батышындагы Фарах чөлкөмүндө жолдун боюна коюлган бомба жарылганда автобуста бараткан 34 жүргүнчү каза болду, 17 киши жараат алды.
Өлгөндөрдүн арасында аялдар менен балдар бар. Жергиликтүү полициянын өкүлү жардыруу 31-июлда эртең менен Кандагар-Герат жолунда болгонун, “бомбаны талибдер койгонун” маалымдады.
Ооган өкмөтүнүн басма сөз катчысы Седик Седики да кол салуу үчүн Талибан кыймылын айыптады. Талибдер азырынча үн катыша элек. “Талибандын” согушкерлери бул аймакта активдүү.
БУУнун Ооганстандагы миссиясы 30-июлда жарыялаган баяндамасында үстүбүздөгү жылдын алты айында куралдуу жаңжалдан 1 366 карапайым киши каза тапканын, 2,5 миңдейи жарадар болгонун билдирди.