Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Жээнбеков: Бир ууч топтун уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин


Сооронбай Жээнбеков Панфилов районунда. 31.07.2019
Сооронбай Жээнбеков Панфилов районунда. 31.07.2019

«Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм!», - деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунда эл менен жолугушууда.

Жээнбеков «бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам» деп убада бербегенин билдирди.

Жээнбеков бийликке 2017-жылы келген. Көп өтпөй ага чейинки президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бузулуп, бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасап келе жатышат.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иштин алкагында суракка чакырылууда.

24-июлда ал Москвада Орусия президенти Владмир Путин менен жолугушкан. Кыргызстанга келгенде журналисттердин суроосуна жооп берип, бийлик менен биригүүгө кеч болуп калганын айткан.(RK)

XS
SM
MD
LG