Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Зилалиевдин соту 7-августка жылды


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук териштирүү 7-августка жылды. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн карап баштаган. Отурумду жылдырууга күбөлөрдүн толук келбей калганы себеп болду.

Аталган соттон билдиришкендей, бүгүнкү териштирүүдө айыптоонун корутундусу окулду. Зилалиев күнөөнү мойнуна алган жок. Ошондой эле соттук отурумдун тартиби бекитилди.

Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.

Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “мыйзамсыз түрдө камалганын” айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG