Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

УКМК: Рустамов менен жардамчысы 2 миң доллар пара алып жатып кармалды


Рустамовдун иш бөлмөсүнүн эшигине тагылган жазуу.
Рустамовдун иш бөлмөсүнүн эшигине тагылган жазуу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана анын А.И. аттуу жардамчысы кармалганын ырастады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, Рустамов жана анын жардамчысы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 миң доллар алып жаткан учурда 30-июлда колго түшкөн. Алар чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 гектар жер участогун берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган. Кармалган адамдарды тинткен учурда ар биринде пара катары алынган миң доллар өлчөмүндөгү акча табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (“пара алуу”) боюнча катталды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол коюп, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн бир катар жетекчиге, анын ичинде Рустамовго эскертүү берген.

Ал жетектеген мекеменин ишмердүүлүгүн Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу да иликтеп чыгып, бир катар сындар айтылган.

29-июлда Эсеп палатасынын инспектору бул агенттиктеги финансылык тартип бузууларды жашырган деген шек менен УКМКга камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG