Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына тасмалар кабыл алынып жатат


"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалында мыкты тасмаларга ыйгарылчу статуэтка.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалында мыкты тасмаларга ыйгарылчу статуэтка.

Адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын эл аралык "Бир дүйнө - Кыргызстан-2019" фестивалы быйыл Бишкекте 11-15-ноябрда өтөт. Ушул тапта фестивалга катышчу фильмдер кабыл алынууда. 

Уюштуруучу топтун өкүлү Улук Батыргалиев "Азаттыкка" билдиргендей, иш-чаранын бул айлампасы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар укугу конвенциясынын 30 жылдыгына арналып, жеткинчектердин укуктарын чагылдырган эмгектер катышат. 

Фестивалда фильмдер гана көрсөтүлбөстөн, балдар укуктарын талдаган талкуулар, устаттык сааттар жана башка иш-чаралар болот. 

Сунуш кылынган видеолордун узактыгы бир сааттан ашпоого тийиш. Кабыл алуу 20-августка чейин уланат. Каалоочулар birduinokyrgyzstan@gmail.com дарегине кат жазса болот же 0312 383 330, 0556 013 840 телефон номурларына чалса болот.

Фестивалды "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму жыл сайын уюштурат, быйыл 13-жолу өтөт. 2018-жылы жергиликтүү жана чет элдик режиссерлордун 25 тасмасы көрсөтүлгөн. 

Иш-чаранын алкагындагы фильмдер кинотеатрларда жана атайын залдарда акысыз тартууланат. 

 

XS
SM
MD
LG