Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин суроолоруна жообун эч кимге жарыялабастан, купуя бойдон өткөрүп берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн 1-августта анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Жактоочунун айтымында, мындай сунуш 30-июлда ИИМдин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтылды, бирок алар макул болбой, баш тартып коюшту.
Слесарев Атамбаев экс-президент деген макамга дагы эле ээ экенин, парламенттин аны бул статустан ажыратуу тууралуу токтому кол тийбестигин алууга негиз боло албасын кошумчалады.
“Атамбаевдин Батукаев боюнча иштин алкагында күбө катары чакырылуусуна карата позициясы коомчулукка белгилүү – бийлик укуктук мейкиндиктен чыкпашы керек. Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүн биздин сунушту кайра карап чыгууга чакырабыз” деди Слесарев.
ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келет.
Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштаган.
Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан. (RK)