Нидерландда коомдук жайда жана транспортто жүздү жапкан кийимдерге, анын ичинде паранжы жана никаб кийүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.
1-августтан тарта мектептерде, мамлекеттик мекемелерде, ооруканаларда, автобуста жана поездде жүздү жапкан кийимдердин бардык түрүн кийүүгө тыюу салынды.
Парламентте бир жыл мурда кабыл алынган мыйзам мамлекеттик мекемелерди жана коомдук транспортту коопсуз кылуу максатын көздөй турганы айтылган. Бирок аны сындагандар мыйзам мусулман аялдары кийген кийимдерге, мисалы паранжы менен никабга тыюу салууну көздөйт деп билдиришкен.
Ар кандай маалыматта Нидерландда күнүнө 100дөн 400гө чейинки сандагы аял ушул сыяктуу кийимдерди кийет.
Бетин жапкан кийим кийген аялдар эми полиция талап кылса, жүзүн ачууга милдеттүү. Эгер андан баш тартса, коомдук жайларга киргизилбейт жана 150 евро айыпка жыгылат.
Австрия, Бельгия, Франция жана башка европалык мамлекеттер акыркы жылдары коомдук жайда жүздү жапкан кийим кийүүгө айрым чектөөлөрдү киргизген.