Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Москва: полиция митингге чыккандардын үйүн тинтип жатат


Москвада 27-июлдагы митингде полиция 1373 адамды кармап кеткен.
Москвада 27-июлдагы митингде полиция 1373 адамды кармап кеткен.

Москва полициясы оппозиция лидери Любовь Соболдун штабы менен кызматташкан Алексей Миняйлонун үйүндө 1-августта тинтүү жүргүздү. ОВД-Инфо порталынын маалымдашынча, тинтүү 27-июлдагы уруксат берилбеген митингге байланыштуу болгон. Ушундай эле тинтүүлөр буга чейин да жүргүзүлгөн.

Кылмыш кодексинин "Калайман башаламандык, аны уюштуруу жана катышууга чакыруу" беренесине байланышкан полициянын тергөөсү 30-июлда башталган жана бул берене менен айыпталгандар 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Москвада 27-июлда шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп жүздөгөн адам митингге чыккан. Полиция элди кууп таратып, 1373 адамды кармап кеткен. Анын ичинде ондогон киши административдик жазага тартылып, айрымдары 30 күнгө чейин камалса, башкалары айыпка жыгылды. Ошондой эле кээ бир демонстранттарга полицияга кол салды деп кылмыш иши да козголду.

XS
SM
MD
LG