Өзбек өкмөтүнүн башчысынын Бишкекке иш сапарынын негизги максаттарынын бири – бул өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштуруу. Бул тууралуу бүгүн 1-августта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуусунда айтылды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абылгазиев кыргыз-өзбек мамилелери кызматташтыктын стратегиялык жаңы деңгээлине чыкканын айтты.
Ошону менен катар Абылгазиев эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү планы бар экенин жана ушул жылдын аягына чейин бул максат ишке ашарын белгиледи.
Мирзиёев Бишкекке быйыл июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн келип кеткен. Ага чейин 2017-жылдын сентябрь айында алгачкы мамлекеттик сапар менен болгон. (RK)