Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Апрель окуясында курман болгондордун жакындары Бакиевди көрсөткөн каналдарды жабууну талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевди даңазалап көрсөткөн телеканалдарды жабууну талап кылып жатышат. Бүгүн 1-августта бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, ал телеканалдардын жетекчилерине эскертүү берүү жетишсиз чара экенин айтышты.

- Саясат жок деп билдиришти, бирок мындан артык кандай саясат болушу керек? Же элдин пикирин даярдап жатышабы? Же бизди шылдыңдаганыбы? Өкмөттөн бул каналдарды жабууну талап кылабыз, - деди «Мекен шейиттери» уюмунун тең төрайымы Гүлмира Абдылдаева.

30-июлда «New TV» жана «NUR TV» телеканалдары Бакиевди жактап, 1-августта белгиленүүчү 70 жылдыгы менен куттуктаган тасмаларды көрсөткөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) дароо оозеки эскертүү берип, бүгүн 1-августта «New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпанияларынын жетекчилери Нурланбек Тургунбекович Шакиевди жана Бекболот Ахматбекович Келдибековду профилактикалык маекке чакырды. Аларга "чагымчыл видеону жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салынары тууралуу расмий эскертүү берилди".

УКМКнын маалыматына караганда, алар "түшүнүү менен карап", мындан ары "андай кайталанбастыгына милдеттенме алышты".

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

«New TV» каналынын жетекчиси Нурланбек Шакиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып ал "Бакиев жөнүндө тасмага тиешебиз жок, бирок аны көрсөтүүнү туура көрдүк. Саясий да, коммерциялык да максатыбыз жок" деп айткан.

2010-жылдын апрелинде бийликке каршы митингге чыккан 90го жакын адам набыт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG