Бүгүн Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында үч документке кол коюлду. Алар айыл чарба тармагында кызматташтыкты өркөндөтүүгө багытталат.
Премьер-министрлер Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба азыктарынын импорт-экспорту, өсүмдүктөрдүн карантини, лизинг жана Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди алуу маселелерин талкуулап, бул багытта “жол картасын” бекитишти.
Кыргызстандын айыл чарба мекемесинин маалыматына караганда, Кыргызстан Өзбекстандан жылына 100 миң тонна жер семирткич сатып алат.
Өзбек өкмөтүнүн башчысы менен бул өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштуруу маселеси да талкууланды.
Арипов 2018-жылы Ошко иш сапар менен келип кеткен, Мирзиёев 2017-жылдын сентябрь айында алгачкы мамлекеттик сапар менен Бишкекте болгон. (RK)