Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

МАГАТЭнин жаңы башчысы октябрда шайланат


Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) эки жума мурда көз жумган Юкия Аманонун ордуна жаңы адамды октябрда дайындайт. Венада жайгашкан уюмдун башкаруучулар кеңешинин 1-августтагы жыйынында айтылгандай, бул кызматка уюмга мүчө мамлекеттер 5-сентябрга чейин өз талапкерлерин сунуштай алат.

Уюмду 2009-жылдан бери жетектеп келген жапониялык Юкия Амано 18-июлда 72 жашында көз жумган. Учурда анын башчысынын милдетин румын Корнел Феруцэ аткарып жатат.

XS
SM
MD
LG