Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Кыргызстандын түрмөлөрүндө жарым жылда 23 адам каза болду


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Кыргызстандын жабык жайларында 2019-жылдын жарымында 23 адам жашоо менен кош айтышкан.

Былтыр 65, 2017-жылы темир тор артындагы 66 адам каза болгон. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюму кабарлады. Бул маалыматты Жаза аткаруу кызматы дагы ырастады.

Укук коргоочулар темир тор артында саламаттыгы начар жүздөгөн адам жатканын, таанымалдардын гана ден соолугу талкууга түшүп, жөнөкөй кишилердин жагдайына көңүл бурулбай келатканын белгилешүүдө.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун байкоосуна ылайык, жабык жайларда дарыгерлер жетиштүү деп мүнөздөлгөнү менен жабдыктар эски, анык диагноз коюу мүмкүнчүлүгү аз жана дары-дармектер менен толук камсыздалбай калган учурлар болуп турат.

Жаза аткаруу кызматы муну четке какты. Аталган мекеме кемчиликтер мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын жардамы менен оңдолуп жатканын билдирди.

Кыргызстанда жети тергөө изолятору, 11 жабык мекеме, 13 жатак абак жана район-шаарларда элүүдөн ашуун жаза аткаруу инспекциялары бар. Алардын баарын кошкондо 15 миңдей адам камакта отурса, 350дөйү аялдар. (SE/КЕ)

XS
SM
MD
LG