Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:23

Reuters: Түндүк Корея жаңы ракета учурду


Түндүк Корея 2-августта эртең менен жаңы ракета учурганын Reuters агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Маалымат бергендердин бирөө, сыноо АКШга коркунуч келтирбегенин билдирди. Ал канча ракета учурулганын тактактаган жок.

Түндүк Корея 31-июлда бир жумада экинчи жолу кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракеталарын сынаганын кабарлаган. Эки ракета 30 километр бийиктикте 250 километр алыска учуп барып Жапон деңизине түшкөн.

Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабы "Мындай аракеттер жарым аралдагы чыңалууну жөнгө салууга салым кошпойт", - деп белгилеген.

25-июлда Пхеньян Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын июндагы жолугушуусунан кийин биринчи жолу ракетасын сынаган. Эки Кореяны бөлгөн тилкеде кездешкен жетекчилер өзөктүк куралдан арылуу тууралуу сүйлөшүүнү жандандырууну макулдашкан.

Пхеньян ракета учурууну АКШ менен август айында биргелешкен машыгуу өткөрүүнү пландап жаткан Сеулга эскертүү катары сыпаттады. Вашингтон Пхеньяндын аракетине карабай биргелешкен машыгуу кайра каралып чыкпай турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG