Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы бир топ жакшырды деп эсептейт. Бул үчүн бүгүн Бишкекте өткөн жыйында ал Орусия президентине рахмат айтып, эки өлкө ортосунда ишенимдүү саясий диалог бар экенин белгиледи.
- Орусиядагы мекендештерибизге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Владимир Владимировичке мүмкүчүлүктөн пайдаланып дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирип кетем. Акыркы жылдары Орусия менен кызматташуубуздун бардык багыттарында активдүү динамика байкалууда. Тыгыз жана ишенимдүү саясий диалог калыптанып, жылдан жылга бекемделүүдө, - деди мамлекет башчысы.
Жээнбеков Путиндин жеке колдоосунда Орусиядагы кыргызстандыктарга миграциялык жеңилдик жана “кара тизмеден” чыгуу мүмкүнчүлүгү берилгенин айтты. Ошондой эле Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен Орусияда иштөөгө шарт түзүлгөнүн кошумчалады.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү, 1 миллион 200 миңи Орусияда экенин "Азаттык" радиосуна элчи Аликбек Жекшенкулов билдирди. Элчинин айтымында, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.
Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Ага Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышууда. (SE)