Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

ЖМК: АКШ Ооганстандан миңдеген аскерлерди чыгарууга даяр


Ооганстандагы америкалык аскерлер.
Ооганстандагы америкалык аскерлер.

Кошмо Штаттар Ооганстандан аскерлерин чыгарууга даяр. Бул үчүн “Талибан” кыймылы куралдуу жаңжалга чекит коюу үчүн Кабул өкмөтү менен тикелей сүйлөшүүлөрдү баштоо кепилдигин берүүгө тийиш. Бул тууралуу 1-августта америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

The Washington Post жана CNN атын атабаган булактарга таянып, тынчтык келишиминин алкагында америкалык аскерлердин саны азыркы 14 миңден 8-9 миңге чейин азайтылышы ыктымал экенин жазышты.

АКШнын Кабулдагы элчилигинде иштегендердин, коопсуздук кызматкерлеринин саны да кыскартылмакчы.

Азыркыга чейин “Талибан” кыймылы Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен тикелей жолугушуудан баш тартып, аларды “мыйзамсыз” жана “Батыштын кол баласы” деп атап келет.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад кийинки аптада Катардын борбор шаары Дохада талибдер менен сүйлөшүүлөрдүн 9-айлампасын баштамакчы.

Анын максаты - 18 жылдык согушту токтотууга багытталган тынчтык келишимине жетишүү. Тараптар буга чейинки жолугушууларда келишимдин кээ бир шарттары боюнча олуттуу жылыш болгонун айтышууда.

Вашингтон тынчтык макулдашуусуна Ооганстандагы 28-сентябрда өтө турган президенттик шайлоого чейин жетишүүгө аракеттенип келе жатат.

XS
SM
MD
LG