Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Трамп Скрипалдын ууланышы боюнча Орусияга экинчи ирет санкция салды


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызынын былтыр ууландырылышына байланыштуу Орусияга экинчи ирет санкция киргизди.

Химиялык жана биологиялык куралдарды көзөмөлдөө боюнча 1991-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык биринчи санкция өткөн жылы салынган.

Трамптын буйругу каржы министрине мамлекеттик катчы менен кеңешип, мыйзамга ылайык чара көрүүгө милдеттендирет. Атап айтканда, сөз «эл аралык каржы институттарынан насыя, каржылык жана техникалык жардам алуусуна тоскоолдук кылуу» тууралуу болуп жатат.

2018-жылы 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал кызы Юлия экөө ууландырылган. Лондон алар СССРде жасалган ”Новичок” аттуу затка ууландырылганын аныктап, буга орус бийлигин айыптап чыккан. Кремл бул боюнча дооматтарды четке кагып жүрөт. Британия менен катар Евробиримдикке мүчө башка өлкөлөр да Москвага каршы санкция киргизишкен.

XS
SM
MD
LG