Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:33

Сауд Арабияда аялдарга көбүрөөк укук берген мыйзамдар күчүнө кирди


Сауд арабиялык аялдар.
Сауд арабиялык аялдар.

Сауд Арабияда аялдарга көбүрөөк укук берген, анын ичинде эркек тууганынан уруксат албай эле саякаттоого уруксат берген эрежелер күчүнө кирди. Падышалыктын апталык басылмасына жарыяланган жарлыкта өлкө жарандарынын баарына чет элдик паспорт берүү каралган. Ага ылайык, 21 жаштан жогору бардык адамдар эч кимден уруксат сурабастан өз алдынча жүрө алат.

“Рейтер” агенттигинин жазышынча, жаңы өзгөртүүлөр аялдарга баласын каттатуу, ажырашуу же никеге туруу тууралуу документтерди тапшырууга жана алууга уруксат берет. Аялдарга жаш балдарга камкорчу болуу укугу да берилди.

Сауд Арабия – шарият эрежелери менен башкарылган, аялдардын укугун чектеген консервативдүү мамлекет. Мисалы, кыз-келиндерге эркек тууганынын (күйөөсүнүн, ага-инисинин же атасынын) уруксаты жок иштөөгө тыюу салынган.

2018-жылдын июнь айына чейин кыз-келиндерге машина айдоого уруксат берилген эмес. Ал эми 2017-жылга чейин эркек жакынынын уруксаты жок саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин кызматынан пайдаланууга жана сот иштеринде өз кызыкчылыгын коргоого укугу жок болчу.

XS
SM
MD
LG