Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

«Талибандын» чабуулунан он полиция кызматкери набыт болду


Ооганстандагы көзөмөл-өткөрмө бекети.
Ооганстандагы көзөмөл-өткөрмө бекети.

Ооганстандын борбордук Дайкунди провинциясында «Талибан» кыймылынын согушкерлери көзөмөл-өткөрмө бекетине чабуул жасап, андан кеминде 10 полиция кызматкери курман болду.

Губернатор Анвар Рахматинин маалыматына караганда, 15 тартип сакчысы жараат алган.

Бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды.

Ооганстанда адам өмүрүн алган кол салуулар АКШнын элчили Замлай Халилзад 18 жылдык согушту токтотууга багытталган тынчтык келишимине жетишүү максатында «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканына карабай уланууда.

Азыркыга чейин “Талибан” кыймылы Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен тикелей жолугушуудан баш тартып, аларды “мыйзамсыз” жана “Батыштын кол баласы” деп атап келет.

Ал арада Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлеринин санын азайтууга даяр экени тууралуу маалымат тарады. Ал үчүн «Талибан» кыймылы куралдуу жаңжалга чекит коюу максатында Кабул өкмөтү менен тикелей сүйлөшүүлөрдү баштоо кепилдигин берүүгө тийиш. Бул тууралуу 1-августта америкалык айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG