Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Өкмөт башчы Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кызылордо облусунда жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалыдады.

Өкмөт башчы өлкөнүн Ички иштер министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн жана жабыркагандарды мекенине алып келүү боюнча тийиштүү тапшырма берди.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу берген маалымат боюнча 1-августта Казакстандын Кызылордо облусунун Кармакшин районундагы Батыш Кытай – Батыш Европа жолунда “Тойота-Естима” маркасындагы автоунаа менен “Мерседес Бенц” жүк ташуучу автоунаасы кагышкан. Жол кырсыгынан кыргызстандык беш жаран каза таап, дагы үчөө жараат алып ооруканага түшкөн. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (TSh)

XS
SM
MD
LG