Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Ош: Сирияга кеткен жарандын үйүнөн ок-дары табылды


Төрт жыл мурда диний радикал топторго азгырылып, Сирияга кеткен жарандын үйүнөн ок-дары табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына чектеш жайгашкан Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын тургунунун үйүнүн короосунан 1080 даана (цинк кутусунда) Калашников автоматынын 5.45 калибриндеги огу, РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы табылды. Ок-дары атайын ак баштыкчага оролуп бекитилген.

Үй ээси, 1969-жылы туулган Р. Ш. 2015-жылы Сирия мамлекетиндеги согуштук аракеттерге оппозиция тарапта согушуу үчүн үй-бүлөсү менен чыгып кеткени буга чейин аныкталган.

Анын үйү жакын туугандарынын көзөмөлүндө турган. Учурда бул фактынын алкагында куралдардын кайдан келгенин, кимге таандык экенин текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат. Атайын экспертиза дайындалды. (MdN)

XS
SM
MD
LG