Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Башкы прокуратура: Атамбаев мыйзамды бузууда


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суракка чакырылышы боюнча кенен түшүндүрмө таратты. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Анда азыркы учурда Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү кылмыш ишинде зарыл экени айтылат.

“Атамбаев ар кандай себептер менен сурак берүүдөн баш тартып жатат. Атамбаевдин жана анын өкүлүнүн сурак боюнча тергөө органдарына берген сунушу Жазык-процессуалдык мыйзамдарын бузууга жатат. Тергөө иштерин Жазык-процессуалдык мыйзамдарынан тышкары жүргүзүүгө болбойт. Атамбаев тергөө иштери ар тараптуу, ачык-айкын жүрүшүн кааласа күбө катары суракка келип, иш боюнча билген маалыматтарын айтып бериши керек”, - деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө .

Башкы көзөмөл орган күбө тараптын Конституциялык палатага кайрылуусу тергөө иштеринин жүргүзүлүшүн токтото албасын белгилейт. Кыргызстандын аймагында кылмыштын сотко чейинки өндүрүшү Конституциянын жана Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде ишке ашарын билдирет.

Башкы прокуратуранын маалыматында, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулушу боюнча кылмыш ишине Алмазбек Атамбаев күбө катары аныкталган. Кылмыш иштин материалында башка күбөлөрдүн Атамбаев иштин жагдайларын билет деген көрсөтмөлөрү бар. Андыктан тергөө органдары тарабынан күбө катары чакырылып жатат.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев ​Жазык-процессуалдык кодексинин 82-беренеси (Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор сот иши үчүн мааниси бар жагдайлардын болгонун же болбогонун аныктайт жана мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар далилдер болуп саналат) ылайык чакырылганын белгилейт. Ошондой эле күбө жөнүндө ушул эле кодекстин 58-беренесинде (жазык иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам күбө катары таанылат) жазылганын кошумчалайт.

Буга чейин адвокат Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин суроолоруна жообун эч кимге жарыялабастан, купуя бойдон өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Слесарев Атамбаев экс-президент деген макамга дагы эле ээ экенин, парламенттин аны бул статустан ажыратуу тууралуу токтому кол тийбестигин алууга негиз боло албасын кошумчалады.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келет.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштаган.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG