Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Демократтар Трампка импичмент жарыялоону колдойт


Конгресстеги Демократиялык партиянын көпчүлүк мүчөлөрү президент Дональд Трампка карата импичмент жарыялоо боюнча процедуралардын башталышын колдоду.

Импичментти колдогондордун катарына жума күнү өкүлдөр палатасынын Калифорниядагы мүчөсү Салюд Карбаджал кошулгандан кийин бул идеяны жактагандардын саны 118ге жетти.

Карбаджал президенттин аракеттерин “кылмыштуу” деп атап, импичментти баштоого чакырды.

Өкүлдөр палатасынын импичмент аракеттерин баштоо үчүн 218 конгрессмендин макулдугу керек. Конгрессте учурда демократтардын 235 мүчөсү бар. Анткен менен ушул убакка чейин демократиялык фракциянын жетекчилери бул идеяга шек саноо менен карап келишкен.

Демократтар палатасынын спикери Нэнси Пелоси бул кадамды кооптуу деп эсептеп, партиялаштарын президенттин ишмердигин иликтеген комитеттердин жыйынтыгын күтүүгө чакырган. Конгресстеги бир нече комитет иликтөөнү улантып жатат.

Пелосинин айтымында, Трамптын мыйзамсыз аракеттерге барганына кынтыксыз далилдер керек.

Азырынча көпчүлүк америкалыктар мындай идеяны колдой элек.

XS
SM
MD
LG