Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Медведев Түркмөнстанга барат


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 11-12-августта Каспий экономикалык форумуна катышуу үчүн Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Орус өкмөт башчысынын сапары түркмөн лидери тууралуу айың кептер тараган учурга туш келди. Визиттин алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланары кабарланды.

Бердымухаммедовдун 5-июлдан бери коомчулукка көрүнбөй жатканы анын ден соолугу боюнча ар кандай кептердин чыгышына себеп болгон. Андан бери түркмөн бийлиги президент 15-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын бир нече ирээт маалымдады. Каспий форуму президенттин эмгек өргүүсү бүтө электе башталганы турат.

15-июлда Түркмөнстандын мамлекеттик массалык маалымат каражаттары 62 жаштагы Бердымухамедов телевизордун алдында өзүнүн жаңы китебинин үстүндө иштеп жатканын көрсөткөн. Ыр ырдап, неберелери менен ойноп жатканы көрсөтүлөт. Видео качан тартылганы белгисиз.

Укук коргоочулар Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык мамлекет экенин, өлкөдөгү бардык коомдук-саясий абал Бердымухамедовдун жана жакындарынын көзөмөлүндө экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG