Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Кыргызстан бир катар араб өлкөлөрү үчүн виза талаптарын жөнөкөйлөттү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августунда кабыл алынган токтомуна ылайык, жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди.

Ал тизмеге Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка кошулду. Бул өлкөнүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейт, Катар, Бруней- Даруссалам мамлекетинин, Оман жана Бахрейн падышалыгынын (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоого тийиш.

Мына ушул шартта гана Кыргызстанга келүү үчүн бир айлык туристтик визалар берилет. Өкмөттүн токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Кыргызстан аймактагы Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген алгачкы өлкө болуп калды. Бул демилге Кыргызстанга туристтерди тартуу иш-чараларынын алкагында ишке ашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG