Москвада Шаардык думага катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп, акцияга чыккандардын полиция кармап жатат.
Пушкинский аянтында автозак отуздан ашык адамды кармап кеткенин "Азаттыктын" орус кызматы маалымдады.
“ОВД-Инфонун” маалыматында, кармалгандардын арасында журналисттер да бар.
Трубной аянтында жүздөн ашык адам чогулду. ОМОНдор аларды тосуп, Садовой айлампасына барууну талап кылып жатат. Буга чейин ал жактан бир нече активистти кармашкан.
Документ текшерүү учурунда бир нече адамды кармап кетишкен. Буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери метродо жүргөн кишилерди текшерип, башаламандыктан алыс болууга чакырган.
Бүгүнкү акция "бульварда сейилдөө" форматында өтмөк. Ага чейин Бульварьное кольцо районунда Росгвардиянын жоокерлери жана полиция кызматкерлери күзөткө тура баштаган.
Өткөн ишембиде ушундай эле каршылык акциясына чыккан миңден ашуун адам кармалган.