Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Полиция Любовь Соболду кармап кетти


Москвада полиция Коррупцияга каршы фонддун юристи жана Шаардык думага катталбай калган талапкер Любовь Соболду кармап кетти. Бул тууралуу анын шайлоо штабын түз эфирде чагылдырып жаткан "Настоящее время" каналы маалымдады.

Соболь катталбай калган көз карандысыз талапкерлерди колдогон акцияга баруу үчүн таксиге отурган. Кичи автобус менен келген полиция кызматкерлери Соболду машинеден чыгарып, алып кеткени маалым болду.

Коррупцияга каршы фонддун юристи коомдук иш-чараны өткөрүү мыйзамдарын бузган деп айыпталууда. Бирок Соболь мыйзамга каршы эч кандай аракет кылбаганын айтып жатат.

Любовь Соболь жыйырма күндөн бери ачкачылык кармоодо. Ал 27-июлдагы акцияда Москвада кармалгандарын арасында камалбай калган акыркы көз карандысыз талапкер болчу. Ал бүгүн бульвардагы отургучтардын бирине отуруп, нааразылык акцияга чыккандарга колдоо көрсөтмөк.

Москвада Шаардык думага катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп, акцияга чыккандарды полиция кармап жатат.

"ОВД-Инфо” порталынын маалыматында, кармалгандардын саны үч жүздөн ашты.

XS
SM
MD
LG