Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Техастагы куралдуу кол салуудан 18 киши өлдү

Ишембиде Мексиканын чек арасына жакын Эль-Пасо шаарындагы ок атуудан 18 киши өлүп, ондогон адамдар жаракат алды. Алардын арасында балдар жана карыялар да бар. ABC News телеканалы укук коргоо органдарындагы булагына таянып, бул божомолдуу маалымат экенин кабарлады.

Элге ок атты делген шектүү камакка алынды. Анын мындай кадамынын себептери белгисиз.

АКШнын президенти Дональд Трамп Техастын федералдык өкмөтүнүн губернаторуна жардам берүүнү сунуш кылды. Ак үй иликтөөнүн жүрүшүнө көз салып турмакчы.  

XS
SM
MD
LG