Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгы “Жаслык” абагын жабуу тууралуу комиссия түзүлгөнүн маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул түрмөдө жазасын өтөп жаткандар башка колонияларга которулат. Абактын имараты жана эмеректери Каракалпакстандын Ички иштер министрлигинин №2 тергөө изоляторуна өткөрүлүп берилет.
Каракалпакстандагы “Жаслык” абагы 1999-жылы совет мезгилиндеги химиялык курал полигонунун ордуна түзүлгөн. Бул район катаал климаты менен белгилүү. Кышында абдан суук, жайкысын кургак ысык болот. Бул түрмө бийлик диний экстремисттерди айыптаган Ташкенттеги жардыруудан кийин ачылган.
Бул жайды айрымдар “Кыйноо үйү” же “Кайтпай турчу жол” деп атап жүрүшөт. “Жаслык” колониясы саясий туткундар, диний жүйө менен кесилгендер оор шартта кармалып турган абак катары белгилүү.
2002-жылы “Хьюман Райтс Вотч” (HRW) уюму баш болгон эл аралык укук коргоочулар “Жаслык” түрмөсүндө каза болгон эки адамдын денесинен кыйноонун белгилери болгонун аныкташкан. Ошол жылы АКШнын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитети өзбек бийлигин бул түрмөнү жабууга чакырган.
2018-жылы март айында Ташкенттеги «Таштүрмө» деп аталган мурдагы №1 тергөө изолятору бузулары маалымдалган.
2016-жылы "Amnesty International" уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Өзбекстанда адам чыдагыс кыйноо колдонулган жабык жайлардын сап башында “Таштүрмө” жана Улуттук коопсуздук кызматынын Каракалпакстанда жайгашкан “Жаслык” түрмөлөрү турган. (TSh)