2-августта Чүй облусунун соту дарыканадан 25 миң сом уурдаган адам боюнча чыгарган Токмок шаарынын сотунун өкүмүн өзгөрттү. Чүй облусунун сотунун чечимине ылайык, айыпталуучу Замир Кожоканов эки жарым жылга кесилип, 50 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.
Буга чейин Токмок шаарынын соту Кожокановду 70 миң сом айыпка жыгып, беш жылга эркинен ажыраткан. Буга каршы Кожокановдун жактоочулары доо арыз жазышкан. Замирдин жакындары жана юристтер сот жеңилдетүүчү жагдайларды эске албай, катаал чечим чыгарды деп эсептешет.
Айыпталуучу Замир Кожоканов ооруп жаткан кызына дары алууга акчасы жок үчүн кылмышка барганын айтып, күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, колдонуучулардын көбү соттон ишти кайра карап чыгып, жазасын жеңилдетүүнү суранып жатышат. (TSh)