Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Кыргызстан Ирактагы жарандарынын балдарын сентябрда алып келет


Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.
Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Ирактын лагерлеринде кармалып жаткан жарандарынын балдарын быйыл сентябрь айынын башында алып келгени жатат. Ал эми Сириядагы кыргызстандык балдарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда. Бул тууралуу бүгүн 5-августта өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди:

- Ирактын Багдад шаарына чартердик каттам менен барчу жумуш тобунун мүчөлөрүнүн ар бирине виза ачылды, бул өлкөнүн виза тартибин бузду деген балдар үчүн төлөнө турган айыппул үчүн каражат табылды.

Ал эми Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатат.

Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 850дөй киши, ал эми Ирак боюнча расмий маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG