Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Кыргызстандан Улуу Памирге кол өнөрчүлөр барат


Улуу Памирдеги кыргыз мектеби. 2-май, 2013-жыл.
Улуу Памирдеги кыргыз мектеби. 2-май, 2013-жыл.

Кыргызстандан Улуу Памирге кол өнөрчүлөр барат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматка караганда быйыл 12-24-август күндөрү Түркиянын Ван аймагында жайгашкан Улуу Памир айылына Кыргызстандан беш адис жиберилет. Алар вандык кыргыздарга кийиз, темир, тери буюмдарын иштетүүнү, улуттук музыкалык аспаптардын жасалышын жана ал аспаптарда ойноо өнөрүн үйрөтүшөт.

«Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат» долбоору Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Иш-чараны Түркиянын мамлекеттик телеканалды түз алып көрсөтүп, атайын даректүү тасма тартылары пландаштырылган.

Түркиянын Ван аймагына кыргыздар 1986-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар. (ElB)

XS
SM
MD
LG