Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Солтон-Сарыда жүздөгөн адам чогулуп турат


Солтон-Сары. 5-август, 2019-жыл.
Солтон-Сары. 5-август, 2019-жыл.

Нарындын Солтон-Сары кенинде ушу тапта 500дөй адам чогулуп турат. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, алар кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылышууда.

Чогулгандар менен сүйлөшүүгө облус башчысы Аманбай Кайыпов барды.

4-августта ал жерде 30дай малчы чогулуп, кытайлык компаниянын өкүлдөрүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айтты.

Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Малик Камилов териштирүүнүн жыйынтыгы менен компания жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG