Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

АКШ: куралдуу кол салуу боюнча демократтар Трампты айыпташты


АКШ менен Мексиканын чек арасында куралдуу кол салууга байланыштуу аза күтүү жөрөлгөсү өттү.
АКШ менен Мексиканын чек арасында куралдуу кол салууга байланыштуу аза күтүү жөрөлгөсү өттү.

АКШда Демократиялык партиянын катарындагы президенттикти көздөп турган айрым талапкерлер 29 адамдын өлүмү менен аяктаган Техас жана Огайо штатындагы куралдуу кол салууга байланыштуу саясий жоопкерчилик президент Дональд Трампта экенин айтып чыгышты. Бето О'Рурк, Элизабет Уоррен, Берни Сандерс жана башка демократтар өлкөдө курал алып жүрүүгө чектөө киргизүүнү сунуш кылып жүрүшөт. Аларга негизинен республикачылар каршы чыгып жатышат.

Демократтар Трампты «ак расанын үстөмдүгү» идеясына жана мигранттарга каршы саясатына байланыштуу айыпташты.

АКШнын президентинин администрациясы мындай дооматтарды четке какты.

Дональд Трамп эки штаттагы кол салууга байланыштуу комментарий берип жатып, «бул өлкөдө жек көрүүгө орун жок» деп билдирген. Ал куралдуу кол салууну токтотууга байланыштуу чара көрүлүп жатканына ишендирүүгө аракет кылган.

Ушул дем алыш күндөрү Техас штатынын Эл-Пасо шаарындагы «Walmart» дүкөнүнүн жанында жана Огайо штатындагы Дейтон шаарында 13 сааттын ичинде эки башка куралдуу кол салуу болуп, анын айынан 29 адам өлүп, ондогон адам жарадар болду.

Эл-Пасодо ок аткан адамды полиция кол түшүргөнгө чейин ал 20 адамды атып өлтүрүп, ондогон адамды жарадар кылды. Прокурорлор ал мындай кадамга «расалык жек көрүүдөн» улам барышы мүмкүн деп билдиришти жана бул окуяны «ички терроризм» деп сыпатташты.

Ал эми Дейтондогу жайкын тургундарга кол салган адам эмнени көздөгөнү азырынча белгисиз, ал колго түшүрүү учурунда атып өлтүрүлдү.

АКШда жыл башынан бери ушуну менен 22 куралдуу кол салуу болду.

XS
SM
MD
LG