Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Футболчу Мирлан Мурзаев Кипрдин клубу менен келишим түздү


Мирлан Мурзаев (кызыл кийимчен) Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираты командаларынын оюну учурунда. Азия Кубогу. БАЭ, Абу-Даби шаары. 21-январь, 2019-жыл.
Мирлан Мурзаев (кызыл кийимчен) Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираты командаларынын оюну учурунда. Азия Кубогу. БАЭ, Абу-Даби шаары. 21-январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Түндүк Кипрдин чемпиону «Доган Түрк Бирлиги» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Мурзаев жаңы клубда 10 катар санында ойномокчу. 29 жаштагы чабуулчу «Доган Түрк Бирлиги» клубу менен канча жылга келишим түзгөнү азырынча белгисиз.

Мурзаев жыл башынан бери Бишкектин «Дордой» клубунун катарында ойноп, Кыргызстандын премьер-лигасында (КПЛ) алты гол, Кыргызстандын кубогунда эки гол киргизген.

Мирлан Мурзаев буга чейин Орусиянын «Локомотив», Израилдин «Хапоэл», Бишкектин «Дордой» жана Түркиянын биринчи жана төртүнчү лигаларында ойногон «Денизлиспор», «Сомаспор», «Серик Беледиеспор» жана «Ушакспор» өндүү клубдарынын катарында ойногон.

«Доган Түрк Бирлиги» футбол клубу - Түндүк Кипр чемпионатынын 7 жолку чемпиону. Быйылкы сезондо 16 команданын ичинен 56 упай менен үчүнчү орунду ээлеп турат. (GT)

XS
SM
MD
LG