Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Ата Мекен» партиясынын юристтерине карата иштин токтотулушуна макул болбой Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Бул арыз 5-августта Бишкек шаардык сотунда каралып, Атамбаевдин арызы канааттандырылган жок. Бул тууралуу юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Буга чейин Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абийирин жана кадыр-баркын коргоо боюнча «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага каршы жазылган доо арызды кайтарып алган. Буга байланыштуу сот ишти токтоткон.
Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттаган, ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева юристтерди сотко берген.
Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган.
Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 17-октябрында «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган. Юристтер Конституциялык палатанын ушул бүтүмүнө таянып, ишти кайра кароо боюнча шаардык сотко арызданган.
Бишкек шаардык соту февралда ишти кайра Октябрь райондук сотуна жиберген. 25-июнда Башкы прокуратура райондук сотто өз доосунан баш тарткан.