Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкери Аскат Муканов «Азаттыктагы» маегинде быйыл 1356 өрт катталганын айтты. Өткөн жылы ушул убакытта 1709 тилсиз жоо катталган.
Жыл башынан бери өрттөн 26 кишинин өмүрү кыйылса, былтыр тогуз кишиге көбүрөөк болгон.
Кыргызстанда күн катуу ысыганына байланыштуу акыркы айларда күнүнө кыркка жакын өрт чыгып жатат. (ATo)