Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Бишкекте кыргыз-казак акындары жолугушту


Кыргыз-казак акындарынын жолугушуусу. 6-август, 2019-жыл.
Кыргыз-казак акындарынын жолугушуусу. 6-август, 2019-жыл.

Жолугушууда эки элдин ортосундагы адабий байланышты чыңдоо багытында сөз болду. Ага Казакстан жазуучулар бирикмесинин мүчөсү, Алматы калаасындагы Жаштар саясаты мамлекеттик фондунун алдында уюшулган «Адабият ааламы» уюмунун жетекчиси, «Достук тулгасы» фондунун директору, акын Муратхан Шокан жана жаш акындар келди.

Казакстандан келген акындар менен Кыргызстандан Улуттук жазуучулар бирикмесинин жетекчиси Нурланбек Калыбеков, Эл акыны Маркабай Ааматов жана Аида Эгембердиева баштаган акындар жолугушту.

Жыйында Муратхан Шокан Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын жаш калемгерлеринин арасында башталган «Жүз өлөң» долбоорун ишке ашырууну сунуш кылды.

Бул долбоор алгач казак-өзбек жаш калемгерлеринин арасында ишке ашкан. Анын алкагында эки элдин 45 жаштан аша элек жыйырмадан акыны бири-биринин бештен ырын которуп, китеп кылып бастырып чыгарат. Акындарды Жазуучулар бирикмеси тандап берет. Жыйында кыргыз-казак акындарынын ортосунда башталган «Жүз өлөң» долбоору октябрь айынын соңунда ишке ашары айтылды. (ZA)

XS
SM
MD
LG