Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы Никита Тарасенкону 2019-жылдын 10-апрелинде диний касташууну козуткан иш-аракеттери боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн негизинде күбө катары суракка алды.
Атайын кызмат тараткан маалыматта: «Тарасенконун «Фейсбук» социалдык тармагында ислам динине болгон терс мамилесин камтыган, мусулмандардын диний сезимине акарат келтирген материалдарды бир нече жолу жазганы сотко чейинки өндүрүштүн ачылышына негиз болду. Ал жазуулар Интернет колдонуучулар арасында көптөгөн негативдүү пикирлерди жараткан» деп айтылат.
УКМК сурак мындай кылмыштардын алдын алууга багытталганын жана толугу менен мыйзамга ылайык экенин билдирди.
Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко 24-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго жана анын бир тууганы, депутат Асылбек Жээнбековго, бир тууган Матраимовдорго окшош кишилердин сүрөтүн чыгарып, «Ошская ОПГ» деген пост жазган.
2018-жылы сентябрь айында президенттин басма сөз кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, ошол мемдерди Интернетке жайгаштырганы үчүн Никита Тарасенко Башкы прокуратурага чакырылган.
Бирок президенттин аппараты Сооронбай Жээнбековдун эч кандай доосу жок экенин, өлкө башчы аларды көрүп өзү да күлгөнүн айтып, билдирүү тараткан. (BTo)