Ирандын президенти Хасан Роухани 6-августта Тегеран эгер Кошмо Штаттар санкцияларды ала турган болсо сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Ал мамлекеттик телеканалдагы сөзүндө «Иран менен тынчтык - бардык тынчтыктын энеси», ал эми «Иран менен согуш - бардык согуштун энеси» деди.
Хасан Роуханинин айтымында, «Иран Ислам Республикасы сүйлөшүлөрдү колдойт. Эгер Кошмо Штаттар чыны менен эле сүйлөшүүнү кааласа, ириде алар санкцияларды жокко чыгарышы керек».
АКШнын президенти Дональд Трамп 2015-жылы түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди былтыр чийки деп баалап, андан чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык жана башка санкцияларды калыбына келтирген. Ошондон бери Тегеран менен Вашингтондун ортосунда, андан тышкары акыркы кезде Перс булуңундагы чыңалуу күчөдү.
Иран да келишимдеги айрым милдеттерин аткаруудан баш тартып, маселен, уран байытуунун деңгээлин жогорулаткан.