Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Разаков менен кытай элчиси Солтон-Сарыдагы окуяны талкуулашты


Солтон-Сары жайлоосуна чогулган эл. 5-август, 2019-жыл.
Солтон-Сары жайлоосуна чогулган эл. 5-август, 2019-жыл.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, Солтон-Сары кенине жакын жерде кытай жарандарынын жана жергиликтүү калктын ортосунда болгон окуяны тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алмашты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Разаков бул маселеде кыргыз өкмөтү инвесторлордун да, жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөрүн жана бардык талаштар укуктук негизде, саясий нукка бурбай чечилиши керек деп эсептей турганын билдирген.

Учурда Солтон-Сары кенинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башка тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү жүрүшөт.

Жеринде калкка маалымдоо-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундар болсо кытайлык компания ишин токтотушун талап кылып жатышат.

Нарындын Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкеринин абалы канааттандырарлык деп табылып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ошол эле чырда жаракат алган бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантууда.

5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Милиция окуяны териштирип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG